Menu

Орусияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү башталды

Бөлүшүү:

Орусияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү башталды. Өзгөртүүлөрдүн арасында Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн жокко чыгаруу сунушу бар. Эгер Баш мыйзам колдоо тапса, президенттин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат.

Конституция боюнча бир жума бою — 1-июлга чейин добуш берүүгө болот. Бул үчүн Орусияда 96,5 миң, чет өлкөлөрдө 254 добуш берүү тилкелери ачылды.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу айрым райондордо өлкө тарыхында биринчи жолу ачык асман алдында, чатырларда добуш берүү уюштурулду. 21-июнга чейин арыз жазгандар үйүндө да добуш бере алат.

Москва жана Нижегород облустарында 25-30-июнда добуш берүү электрондук түрдө өтөт. Москвада бул үчүн бир миллиондон ашуун киши — ар бир жетинчи шайлоочу каттоодон өттү.

Орусиянын алыскы аймактарында жайгашкан 67 миң жаран добуш берип бүттү. Бул тууралуу 23-июнда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова билдирди.

Акыркы айда ЖМКлар бийлик жарандарды добуш берүүгө мажбурлап жатканын жазышууда. Көбүнчө мугалимдер, дарыгерлер, курулуш компаниясынын жумушулары, студенттер жана абакта отургандар даттанышууда. Памфилова арыздангандардын көбүн “фейк” деп атады.

Добуштарды саноо 1-июлда шайлоо тилкелер жабылгандан кийин башталат.

Июндун башында Путин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жалпы элдик добуш берүүнү 1-июлга белгилеген. Адегенде добуш берүү 22-апрелге пландалып, коронавирус эпидемиясынын айынан кийинкиге калган.

Орусиянын Баш мыйзамына кирчү өзгөртүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылдан кийин да 12 жыл бою бийликте калууга жол ачат. Демилге Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акцияларынын чыгышына түрткү болду. 67 жаштагы Путиндин бийлик башында отурганына 20 жылдан ашты.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн жалпы элдик референдумда добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдоого тийиш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: