Menu

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечи депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.

Мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган. Ошондой эле интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, Интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев жана Эльвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Депутат Наталья Никитенко да мындай цензура киргизүүгө болбой тургандыгын белгилесе, депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору техникалык жааттан алганда аткарышы мүмкүн эмес экендигин билдирди.

Суроолорго жооп берген демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандарды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталгандыгын айтып: “Сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок”, – деди.

Ал эми депутаттар Акылбек Жапаров менен Умбетаалы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, бардык демократиялык өлкөлөр жалган маалыматтарга каршы күрөшүп жаткандыгын жүйө келтиришти. Мындай пикирди депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Евгения Строкова жана Абдумажит Юсуров да билдирди.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: