Menu

Депутаттар Кыргызстандан алтын камтылган рудаларды жана концентраттарды ташып кетүүнү жөнгө салуу маселесин талкуулашты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 25 – июндагы жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карашты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Баяндамачы, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы  Салайдин Айдаров белгилегендей, мыйзам долбоору тарабынан алтын камтыган рудаларды жана концентраттарды  реализациялаган учурда тоо – кен казуучу жана тоо – кенди кайра иштетүүчү  ишканалардын кирешесине салыктарды 7 пайызга жогорулатуу, металл камтыган рудаларды жана концентраттарды  реализациялаган учурда  салык базасын кайра кароо сунушталууда.

Ал Өкмөт башында  салыкты 3 пайыз өлчөмүндө коюну белгилегенин, бирок, кийин, экинчи окуунун режиминдеги талкуу учурунда  депутаттардын сунушу менен кирешеге салыктын ставкасы 7 пайызга чейин жогорулатылганын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Замирбек Эсенаманов мыйзам долбоорунун кабыл алынышын  колдоду. Бирок, жыл сайын республикадан сыртка 83 тоннадан көбүрөөк кымбат баалуу металл чыгарылып кетээрин  айтып, көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз экендигине тынчсызданды. “Эмне үчүн рудалардын Кыргызстандын аймагында иштетилишин уюштурса болбойт? Өкмөттүн бардык чаралары, аракеттери конценраттардады чыгарып кетүүгө багытталган. Бул түзөтүү деле ошол максатты көздөйт”- деди З.Эсенаманов. Депутат  салыктарды көтөрүү ички өндүрүштү  стимулдаштыруучу чара эмес экендигин кошумчалады.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров алтын иштетүүчү  фабриканы куруу  каражатты өтө көп талап кылаарын  билдирди. “Мыйзам долбоору кабыл алынса, кошумча салык жыйымдары 600 млн. сомго жакын каражатты түзөт”- деди ал.

Депутат Азамат Арапбаев салыктардын жогорулашы  тоо – кен казуучу жана тоо – кен иштетүүчү ишканалардын  жабылып калуусуна алып келиши мүмкүн экендигин  белгиледи. Депутат Улан Примов ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн  салыктарды этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштады.

Депутат Айнуру Алтыбаева 30 жылдан бери өлкөдөн алтын камтыган рудалар көзөмөлсүз чыгырылып кетип жатканын айтып, кесиптештерин  мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Депутат Марлен Маматалиев алтындын запасы жылдан – жылга азайып баратканын, салык 7 пайызга көтөрүлгөндөн кийин деле ишканалар пайда табаарын айтты. “Мыйзамды колдош керек”, – деди депутат.

Өз кезегенде депутат Үмбеталы Кыдыралиев   мамлекет  казылып жана ташылып кетип жаткан рудада  алтындын жана  башка кымбат баалуу рудалардын үлүшү канча экенин билмейинче проценттик ствакалар тууралуу талаш – тартыштан пайда жок экенин белгиледи. “Азыр  лабороториялык изилдөөлөрдү  жеке менчик компаниялар гана жүргүзөт”,  – деди депутат.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: