Menu

“ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Протокол тарабынан Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексинин 321 – беренесинин 2 – бөлүгүнө өзгөртүү киргизилүүдө. Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексинин 321 – беренесинин 2 – бөлүгүндө бажы органдары тарабынан  бажы көзөмөлүнүн  айрым формаларын колдонуудан бошотуу каралган кишилердин тизмеси  бекитилген. Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексинин 321 – беренесине  өзгөртүү киргизүү маселеси 2017 – жылы 22 – августта Комиссиянын кеңешинин отурумунда Армения Республикасы тарабынан, Армения Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынгандыгына байланыштуу демилгеленген. Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Конституциясында  Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин катчысынын кызматынын аталышында “коргонуу” деген сөз “коопсуздук” деген сөз менен алмаштырылгандыгына  байланыштуу демилгеленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: