Menu

Жогорку Кеңештин депутаттары ким кошоматчы, ким кимдин кулу экендигин териштирип жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда, депутаттардын ортосунда кайым айтышуу болду.

Мирлан Жээнчороев Гүлшат Асылбаеванын демилгеси коомго керек эмес экенин, коомго кошоматчылардын люстрациясы керек экенин билдирди. Ал коомчулукка кайрылып, 5 жылда бир келчү тарыхый шанс боло турганын айтып, парламенттик шайлоо кошоматчыларга добуш бербөөгө чакырды.

“Кошоматчылык менен байып, кошомат менен базарлап, кошомат менен көмүрлөрдү, кендерди жыйнаган кошоматчыларды люстрация кылмайынча, эч качан демократия орнотулбайт”, – деп билдирди депутат.

Жанар Акаев чуулгандуу мыйзам долбоорун колдогондорго Кыргызстандагы сөз эркиндиги – элдин эмгеги экендигин эскертти.

“Эмне үчүн Кыргызстан башка мамлекеттерден сөз эркиндиги үчүн айырмаланабыз? Анткени, ал биздин элдин эмгеги. Бул жерде силердин кымындай дагы эмгегиңер жок. Бизде сөз эркиндги бар, баары жакшы дейсиңер, аны силер алып келген жоксуңар. Сөз эркиндиги тууралуу маселени эл өзү көтөрбөгөндөн кийин иштебеген мыйзамды алып келип, саботаж кылып жатасыңар. Бул мыйзам таптакыр, бир дагы кишиге иштебейт. Жок жерден элди нааразы кылып, көчөгө жүздөгөн адамды чыгарып жатасыңар. Аны интернеттен 100 миңдеген адам көрүп, бийликке нааразы болуп жатат”, – деп Жанар Акаев кесиптештерин сындады.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев айрым депутаттардын шайлоо убагында берген убадаларын эске салды.

“Кээ бирөөлөр бирөөнө кул болгондор, жата калып тамагын ичкендер бар. Шайлоолордо акча тараткандардын элге эч бир пайдасы жок. Жада калса, айылына барса, ал жактан кубалагандар да бар. Миңдеген адамды жумуш менен камсыз кылгандарды көрө албагандар бар, себеби алар арам акча, коррупция, контрабанда менен алектенип, элге акча берип сатып алган. Мен алардын аттарын айтып берем”, – деп билдирди Камчыбек Жолдошбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: