“Эгерде борбор калаада коронавирустун жайылышы токтобосо, анда мэрия борбордук штабка Бишкекти 15-20 күнгө “жапканга” сунуш бериши мүмкүн” – деп билдирди бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өкмөттүк онлайн-бирфингде.
“Себеби, биз шаардагы жарандардын ден-соолугун ойлошубуз керек. Ошондуктан, урматтуу шаардыктар, кандай пикирде, кандай көз карашта болсоңуздар дагы, биз элдин ден-соолугуна кам күрөшүбүз керек. Бул оору бар, оору жайылып жатат,. Ошондуктан баарыбыз бул оору менен күрөшүшүбүз керек” – деп билдирди Балбак Түлөбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 3954 адамдан коронавирус аныкталды, алардын ичинен 2112 адам ооруну жеңди, 43 жаран илдеттен улам каза болду.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ