Menu

Майлуу-Сууда сууга түшүүчү жайлардын, бессейиндердин жана атайын көлмөлөрдүн коопсуздук абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Майлуу-Суу шаарындагы атайын сууга түшүүчү жайлардын, бессейиндердин жана атайын көлмөлөрдүн коопсуздук абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү Майлуу-Суу ШИИБдин, ӨКМ жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү. Бул жагдайда эс алуучуларга талаптарга жооп бере турган шарттарды түзүүнү, былтыркы жылы бассейнге чөгүп каза болгон учурду эскертүү менен куткаруучулардын жаш өспүрүм балдарга катуу көзөмөл жүргүзүү керектиги, келген жарандарга коопсуздук инструкцияларын өтүп маалымат берип туруу боюнча эскертүүлөр бассейиндин администрациясына айтылып, тиешелүү АКТылар түзүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин бул багыттагы иш-чаралар ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, Майлуу-Суу суусунун кооптуу бөлүктөрүндө сууга түшүүгө тыюу салган эскертүү тактайчалары орнотулуп, эл арасында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп келинген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: