2015-жылы Алмаз Атамбаев президент, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда экс-премьер Өмүрбек Бабанов баштап келген Россиялык чечен бизнесмендерге $5 млрд алтыны бар Жерүй алтын кенин $100 млн эле акчага, кыргыз элине 1% да үлүш калтырбай сатып жиберүү фактысы боюнча түзүлгөн Элдик комиссияны жетектеп келаткан Айбек Бузурманкуловду 23-июнда Таласта милиция кармап кеткен.
Анткени Айбек Бузурманкулов жетектеген Элдик комиссия 24-июнда Таласта эл менен Жерүй алтын кенинин 2015-жылы коррупциялык жол менен сатылышы боюнча жыйын өткөрмөк.
Милиция Айбек Бузурманкуловду суракка алып, пандемия учурунда жыйын өткөрбөйсүн деп опузалап, анан “үй карантинине олтурасың” деп шарт коюп чыгарышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ