Menu

1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт

Бөлүшүү:

КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар 2020-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө мурда берилген эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин жараксыз деп табуу үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирет.

КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүп жаткандыгына байланыштуу бул жол-жобону аткаруу зарыл.

Электрондук эсеп-фактураларды толугу менен кеңири колдонуу үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл жана андан кийин электрондук эсеп-фактураны колдонууга болот.

Ал эми 1-июлга чейин электрондук эсеп-фактураларды тариздөөнү үйрөнүү үчүн www.testesf.salyk.kg тесттик аянтчаны пайдаланууга болот.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонууну пландаштырган салык төлөөчүлөр Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы “Электрондук эсеп-фактура” бөлүмүнөн маалыматтык системаны колдонуу, пакеттик жүктөө/көчүрүп алуунун форматы жана башка зарыл болгон материалдар, анын ичинде суроо-жооп форматындагы түшүндүрмөлөр менен тааныша алышат.

Электрондук эсеп-фактура бизнестин ак ниеттик белгилеринин бири жана көмүскө экономикага жана мыйзамсыз ишмерликке каршы турууда маанилүү түзүүчү болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: