Menu

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна ким кандай добуш берди? – Тизме

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-июнда, Жогорку Кеңеш Гүлшат Асылбаеванын “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алды. Коомдогу сындарга жана нааразычылыктарга карабастан, депутаттардын көпчүлүгү мыйзам долбоорун колдошту.

Депутат Дастан Бекешев Twitter социалдык тармагындагы баракчасына добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Ошентип, 10 депутат: Жанар Акаев, Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Айгерим Бешимбаева, Мирлан Жээнчороев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова, Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева жана Карамат Орозова каршы добушун берген, ал эми 31 депутат катышкан жок, калгандары мыйзам долбоорун колдоп, “макул” деген добуш беришти.

Айрым депутаттардын добуш бериши суроолорду туудурат. Мисалы, Экмат Байбакпаев добуш берүүгө катышып, “макул” деген добуш бериптир, бирок ал жыйынга катышкан эмес, анткени COVID-19 жуктуруп алган. Ошондой эле, мыйзам долбоорун колдогондордун тизмесинде аг каршы чыгып жаткан Марлена Маматалиев да бар.

Дастан Бекешов журналисттерге билдиргендей, залда депутаттардын саны аз эл болчу.
“Мен санаган эмесмин. Бирок, социалдык тармактарда жазылгандай “макул” деп 30 же 79 депутат добуш берген эмес. Алар аз болчу” – деп билдирди Дастан Бекешов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: