Menu

БШКнын регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Эми жыйындар онлайн режиминде өтүшү мүмкүн

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын отурумунда БШКнын регламенттерине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматтар боюнча, БШКнын отуруму видео конференциянын жардамы менен өткөрүлүшү мүмкүн. БШК мүчөсү, эгер ал видео конференцияларды колдонуп отурумга катышса, катышкан деп эсептелет жана онлайн режиминде добуш бере алат.

Эгерде жыйындын күн тартибинде жашыруун добуш берүү өткөрүлө турган маселе же добуш берүүнүн жыйынтыктары, протоколдорго, шайлоонун жыйынтыктары, референдум жана жыйынтыктоочу таблицаларга кол коюуга байланыштуу суроолор болсо, видеоконференцияларды колдонууга болбойт.

Оңдолгон эрежелерге ылайык, отурум башталганга чейин БШКнын мүчөлөрүн жана чакырылган адамдарды каттоо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгын комиссиянын төрагасы жыйналыштын ачылышына чейин жарыялайт.

Ошондой эле, БШКнын регламентинин 27-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Эми карап чыгуу үчүн документтердин долбоорлору Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, эреже боюнча, жыйналыш күнүнө чейин бир күн калгандан (үч күн мурун) берилет. Шайлоо жана референдум кампаниясынын жүрүшүндө документтер чогулган күнү берилиши мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: