Menu

Кылмыш ишти токтотуу үчүн акча талап кылган Жайыл РИИБнин ыкчам кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

Кылмыш ишти токтотуу үчүн акча талап кылган Жайыл РИИБнин ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 18-июнда ИИМ ички иликтөө башкармалыгына Ю.Р. аттуу жаран арыз менен кайрыган. Ал алдамчылык фактысы боюнча күйөөсүнө карата козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн Жайыл РИИБнин кызматкери 10 миң сом талап кылып жатканын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча катталган.

19-июнда милиционер Ю.Рдан акчаны К.М. аттуу жарандын атына которууну талап кылган. Ошол эле күнү, ал аял “Кыргызстан” банкы аркылуу акчаны которгон. 12:04тө К. М. жана К.Ч. акча түшкөнүн тастыкташкан.

Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнөн сотко чейинки материалдар алынды.

Атайын ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Жайыл РИИБнин ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Чынгыз К. кармалган жана анын катышуусу менен тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Чүй облусундагы УКМКнын тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: