Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бишкекте жеке лабораторияларды, тез жардам кызматтарын жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүү зарыл

Бөлүшүү:

Бишкекте жеке лабораторияларды, тез жардам кызматтарын жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Бүгүн коронавирус инфекциясын жугузган 309 учур аныкталды. Кайрылуулар көп болгондуктан тез жардам кызматтарынын иш жүктөмү көбөйүп, кечигип барып жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги тез арада мамлекеттин карамагындагы тез жардам унааларын жана тиешелүү адистерди тартууга тийиш. Ошондой эле мүмкүн болсо эпидемиологиялык абал жакшы райондордун тез жардам кызматтарын тартуу керек. Бул ишке жеке менчик тез жардам кызматтарынын тартылышы да маанилүү. Кызмат алып келген бейтаптарды ооруканалар кабыл албай койгон же көчөдө 1,5 саат күттүргөн фактылар болбосун. Оорулууну жаткыруу чечимин кабыл алган Тез жардам кызматынын дарыгери убакытты текке кетирбестен, аны кайда алып барарын билиши шарт. Ошол эле учурда ооруканалар COVID-19га текшерилгендиги тууралуу маалымкатты талап кылбоого тийиш», – деди Өкмөт башчы. Ал Тез жардам кызматы жана ооруканалар өз ара толук аракеттешүүсү керектигин баса көрсөттү. Мындан тышкары бул кызматтын унааларын оңдоп, кыска убакыттын ичинде ишке чыгаруу тапшырылды.

Штабдын жыйынында белгиленгендей, бүгүн шаардык Тез жардам кызматына Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 9 унаа берилет.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго ооруканаларда кошумча орундарды даярдоо жана бошотууну, бул ишке жеке клиникаларды тартууну тапшырды.

«Ооругандардын саны көп болуп жатканына байланыштуу саламаттык сактоо системасына кыйын болуп тургандыктан бардык ресурстарды бириктирип,   медициналык жардамга муктаж ар бир жаранга көмөк көрсөтүү керек. Бүгүнкү күндө медициналык мекемелерде ооругандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү, бирок биз эртеңки күнгө кам көрүүгө тийишпиз. Ошондуктан үзгүлтүксүз кеңейтип жана жаңы орундарды даярдоо керек. Буга жеке менчик ооруканаларды тарткыла. Жеке лабораториялар болушунча тезинен вируска тест алууну баштоолору зарыл», – деди Премьер-министр.

Тармактык мамлекеттик органдарга борбор калаадагы эпидемиологиялык абалды туруктуу кармоо боюнча бардык чараларды күчөтүү, жеке коргонуучу каражаттардын, тест системалардын запасынын болушун дайыма көзөмөлдөп туруу тапшырылды.

Республикалык штаб жарандарды санитардык ченемдерди сактоого жана үйдөн чыкпоого чакырат. Сабырдуу болуп, дүрбөлөң түшпөңүздөр, оорунун белгилери болгон шартта медицина кызматкерлеринин сунуштарын карманыңыздар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: