Menu

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков: “Тез жардам кызматындагы бригадалардын санын көбөйтүү зарыл”

Бөлүшүү:

Акыркы учурда 103 жана 118 кызматына жарандар нааразы болуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Бишкек шаарындагы Ыкчам медициналык тез жардам борборунда тез жардам кызматынын жана мобилдик топтордун ишин күчөтүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Биринчи вице-премьер-министр жеринен Ыкчам медициналык тез жардам көрсөтүү борборунун иши менен таанышты.

«Коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу учурда 103 жана 118 кызматына жарандардан кайрылуулар, ошол эле учурда нааразычылыктар дагы көп болуп жаткандыктан ыкчам түрдө тез жардам кызматындагы бригадалардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле мобилдик топтордун иштөө алгоритмин карап чыгуу керек. Медициналык бригадаларды кадрлар менен камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги уюштурууга тийиш», – деди Алмазбек Баатырбеков.

Көчмө жыйындын соңунда Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек шаарынын тез жардам кызматына дагы 20дан ашык бригада кошуу тапшырмасын берип, мамлекеттик органдарга  кошумча атайын унаалар болсо тез жардам кызматына берүүнү милдеттендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: