Menu

Өзбекстанда дене табы жогору абитуриенттер ЖОЖдорго тапшыруу сынактарына катышпайт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда дене табы 37 градустан жогору болгон абитуриенттер жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактарына киргизилбейт. Бул тууралуу президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги билдирди.

Дене табы жогору абитуриенттерге карата Санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик тестирлөө борборунун кызматкерлеринин катышуусунда акт түзүлүп, медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында коронавирус аныкталбаган абитуриенттер сынакты Республикалык тестирлөө толук аяктагандан төрт күн өткөндөн кийин тапшыра алышат.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 7813 кишиге жетип, 21 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: