Каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркулдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Каржы министрлиги журналисттерге тастыктады.
Маалыматтарга ылайык, ал өзү изоляциялада болуп, дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.
Буга чейин министрлер кабинетинин 26 кызматкери COVID-19 табышкандыгы кабарланган.
Бул оору Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Билим берүү министрлигинин жана Экономика министрлигинин кызматкерлеринде да аныкталды.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ