Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты анын нормаларын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.
Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ