Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы баланын сөөгү Өзбекстан Республикасынын аймагында табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда КРнын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен.
24-июнуна чейин КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес. 28-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган. Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстан Республикасынын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ