Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын Криминалдык полиция кызматынын улук лейтенанты Бердибай Элакунов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.
Милициянын алдын-ала маалыматы боюнча, ал пневмониядан улам көз жумган.
Жакында эле Бердибай Элакунов оорукананын керебетинен баардыгын этият болууга, гигиенаны сактоого жана бет кап кийүүгө үндөгөн видео тараткан.
“Абайлагыла! Бул көрсө, өтө коркунучтуу оору экен. Ошондуктан абайлагыла. Бет кап кийгиле. Улуттук госпиталда адам толуп кетиптир. Канчасын албай жатат. Тез жардам кызматы адамдарды кайра-кайра алып келип жатат” – деп айткан.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/2817326981872251/?t=15
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ