Милициянын подполковниги, Биринчи май РИИБнин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Улан Жумаков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
Эркин Жаанбаев буга чейин жарандык никедеги күйөөсү “өлтүрөм” деп бычак менен коркутуп, барымтага алган аялды куткарып калган.
“Эркин Жаанбаев каза болду. Ооба, барымтага алынган аялды сактап калган дал ушул эр жүрөк милиционер” – деп жазган Улан Жумаков.
Такталбаган маалыматтарга караганда, Жаанбаев жүрөк оорусунан көз жумган.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-июнда Бишкектин Бишкектин Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 19:50дө 36 жаштагы мас эркек киши өзүнүн сүйгөнүн кызганып, ага кол көтөрүп, “өлтүрөм” деп бычак менен коркутуп, барымтага алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ