Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Тажикстандын “Ислам кайра жаралуу партиясынын” түрмөдөгү лидерлеринин бири Зубайдуллои Розиктин уулу Асрориддин Розиковду кармашты.
Бул тууралуу 29-июнда “Озоди” радиосуна камактагы оппозиционердин жакындары кабарлашты. УКМК азырынча бул маалыматты тастыктап же четке кага элек.
38 жаштагы Асрориддин Розиков базарда балдардын кийимин сатып иштейт. Кесиптештери анын бир нече күндөн бери жумушка чыга элегин тастыкташты. Ал 26-июнда кармалганы айтылууда.
Оппозиционердин үй-бүлөсү Асрориддинди камоого эч кандай себеп болгон эмес деп эсептешет. Алардын пикиринде, камактагы Зубайдуллои Розик теле аркылуу диний партияны айыптоодон баш тартканы үчүн бийлик баласына кысым көрсөтүүдө.
76 жаштагы Зубайдуллои Розик 2015-жылы диний партиянын башка мүчөлөрү менен бирге Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын куралдуу козголоңуна катышуу айыбы менен кармалып, 25 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ