Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жетти. Бул тууралуу президент бүгүн, 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков ЖКнын кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө абал режими жоюлгандан кийин жарандар массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты.
“Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык. Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык. Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт. Акыркы убактарда дал ушул массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатат” – деп билдирди президент.
Ошондой эле, өлкө башчы тиешелүү талаптарды сактабагандарга мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ