Ырчы Асел Кадырбекова жабыркаган жол кырсыгынын күнөөкөрү ооруканада күзөтчүлөрдүн көзөмөлүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек ШИИБи журналисттерге маалымдады.
Алардын айтымы боюнча, аталган факт КРнын 297-беренеси (автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
“Шектүү адам ооруканада жатат. Аны күзөтчүлөр кайтарып жатат. Свердлов райондук соту аны СИЗО-1 мекемесине бир айга камакта кармоо чечимин чыгарган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ