Бишкектеги Урология борборунун жанында эсин жоготкон эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Маратов журналисттерге билдирди.
“Мага Урология борборунун башчысы оор абалдагы эки адам пневмониядан көз жумду деп айтты. Аларды дарыгерлер кабыл алып, дарылоого жетишпей калышты. Анткени алар өтө оор абалда келишкен” – деп билдирди Тилек Маратов.
Ал ошондой эле, жарандар үйүнөн дарыланып, ооруканага оору өөрчүп кеткенде кайрылып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-июнда социалдык тармактарда Урология борборунун жанында эки адам эсин жоготуп жаткан видеотасма тараган. Видеодо көрүнгөндөй, унаанын ичинде жаткан адамга дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүп жатышат. Ал эми экинчи киши оорукананын кире беришинде эсин жоготуп кулап жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ