Menu

«Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташтык форматында онлайн жолугушуу болду

Бөлүшүү:
Бүгүн, 30-июндун кечинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташтык форматындагы жогорку деңгээлдеги онлайн жолугушууга катышты. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууга ошондой эле Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышты.
Жолугушуунун катышуучулары Афганистандагы экономикалык туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.
КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттери тууралуу айтты жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири бири менен, ошондой эле АКШ менен мамилелерде соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташуусун күчөтүүнү сунуш кылды.
Региондун экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн өзгөчө ролу белгиленди, буга байланыштуу Кыргызстандын салмактуу гидроэнергетикалык дарамети бар экендиги айтылды.
Ч.Айдарбеков региондун транзиттик дараметин өнүктүрүүгө көңүл бурду. Эл аралык автомобиль жана темир жолдорун кеңейтүүнүн, логистикалык борборлордун жана транспорттук терминалдардын, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзитти камсыздоо үчүн инфратүзүмдү модернизациялоонун приоритеттүүлүгүн баса белгиледи. Борбордук Азия регионун дүйнөлүк базарлар менен байланыштыра турган транспорттук-коммуникациялык сектордогу ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«С5+1» форматындагы өлкөлөрдүн делегациялары Кыргызстанда өтүүсү пландалган экономикалык багыттагы бир катар эл аралык иш-чараларга катышууга чакырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: