Menu

Эми муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери санитардык нормаларды бузгандарга айып пул сала алышат

Бөлүшүү:

Эми муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери объектилердеги санитардык нормалардын сакталышын текшерүүгө укуктуу. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Бакетаев тиешелүү буйрукка кол койгон.

“Эми муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери Бузуулар кодексинин 293-беренесинин (Ыйгарым укуктуу органдын чечимин, буйругун же талабын аткаруу тартибин бузуу) беренеси боюнча протокол түзө алышат” – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин санитардык-экологиялык инспекциянын адистери гана санитардык нормаларды бузгандарды жоопко тарта алышкан. Калгандарында мындай укук жок болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: