Menu

COVID-19: Казакстандын саламаттык сактоо министри төрт жумалык карантин киргизүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой коронавирус илдетине чалдыккандар жана пневмониянын оор формасы менен ооругандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу төрт жумалык карантин киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, төрт жумалык карантин киргизилгенден кийин августтун аягына карата күнүнө COVID-19 жуктурган 2 500 жаңы учурдан катталышы мүмкүн. Карантин болбосо, бул сан күнүнө 27 миңге чейин жетиши ыктымал.

Цой вирустун жайылуусун токтотуу үчүн төрт жумалык карантин киргизүү кыйла натыйжалуу болот деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекеттик комиссия карантинди күчөтүү чечимин жакынкы убакта жарыялайт.

Министр ошондой эле 10-июндан тартып анализинен коронавирус табылбаган, бирок пневмониянын оор формасы менен ооруган бейтаптар көбөйгөнүн кошумчалады. «Акыркы күндөрү пневмониянын мындай учурлары боюнча 2,5 миң жаңы учур катталды», — деди министр.

Казакстанда пневмония менен ооругандар көбөйүп жаткандыгы эки жумадан бери кабарланууда. Бийликтин маалыматы боюнча бул аралыкта Актөбө облусунда эле өпкөнүн сезгенишинен кеминде 62 киши каза болду. Күн сайын Караганда, Түркстан, Павлодар жана Мангистау облустарында пневмония менен ондогон бейтап ооруканаларга жаткырылууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 40 миң кишиге жакындап, 188 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: