Menu

БУУнун жумушчу тобу тажик бийлигин активист Иброхимовду бошотууга чакырды

Бөлүшүү:

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу тажик бийлигин активист Максуд Иброхимовду бошотуп, ага компенсация төлөп берүүгө чакырды.

Иброхимов Тажикстанда бир катар оор кылмыштарга, анын ичинде «Күч менен конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасоо» жана «Кылмыштуу топ түзүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Укук коргоочулардын айтымында, ал 2015-жылы Орусиядан уурдалып, Тажикстанга күч менен жеткирилген. Анын соту жабык өтүп, 17 жылга эркинен ажыратылган.

БУУнун жумушчу тобу Максуд Иброхимовго карата мыйзамсыз аракеттер үчүн Орусия менен Тажикстандын өкмөттөрү жооптуу экенин белгилеп, 43 жаштагы активисттин укуктарын толук калыбына келтирүүнү талап кылды.

БУУнун эксперттери Иброхимовдун ишиндеги материалдарды алты ай изилдеп, ал саясий ишмердүүлүгү үчүн гана жазаланган деген жыйынтыкка келишкен.

«Жумушчу топ Иброхимовдун тез арада бошотулушун камсыз кылуу үчүн тажик өкмөтүн шашылыш чараларды кабыл алууга чакырат. Орусия менен Тажикстандын бийлиги анын мыйзамсыз кармалгандыгы, түрмөдө жашыруун кармалып тургандыгы жана Тажикстанга депортациялангандыгы үчүн адам укуктары боюнча эл аралык принциптерге ылайык компенсация төлөп бериши керек. Мындан тышкары орус бийлиги Иброхимовдун Душанбеге мыйзамсыз жеткирилишине тиешеси бар адамдарды аныктап, мыйзамга ылайык жазалашы зарыл», — деп жазылган жумушчу топтун корутундусунда.

Уюмдун эксперттери Иброхимовго сот процесси башталганга чейин айып тагылбаганын, сотто күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү болбогонун аныкташкан. Айыпталуучу сотто дооматтардын бардыгын четке каккан.

Иброхимов азыр Вахдаттагы катаал режимдеги абакта кармалууда. Анын жубайы Саодат Умархужаева күйөөсү менен төрт айда бир узак жолугушууга уруксат берилгенин билдирди. Анын айтымында, сүйлөшкөндө күйөөсү ден соолугуна жана абактагы шарттарга даттанат.

Максуд Иброхимов кармалганга чейин Орусияда тажик өкмөтүн сындап келген. Ал Москвада «Жаштар Тажикстандын кайра жаралуусу үчүн» деген коомдук уюм түзүп, каттоодон өткөргөн. Бирок 2014-жылы Орусиянын Юстиция министрлигинин чечими менен уюм кайра жоюлган. Ошол эле жылы Тажикстандын Жогорку соту аны тыюу салынган экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: