Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бизнести өнүктүрүү үчүн кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү зарыл

Бөлүшүү:

Кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бизнести колдоого багытталган бирден-бир кадамы. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз. Кредит берүү көлөмүн кыскаруу себептеринин бири коронавирус инфекциясынын кесепеттери болуп саналат. Ошону менен бирге коммерциялык банктардан кредит алуу процедураларынын татаалдыгын белгилей кетүү керек. Бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Документтерди топтоп жүрүп карыз алуучунун каалоосу жоголот», – деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилгенин эске салды.

«Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынын да, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Жакын арада дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл», – деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы «Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасына токтолду.

«Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдыг 25-июнуна карата 7 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 3,3 млрд сомго 6631 кредит берилген. Кредиттердин негизги бөлүгү жазында дыйкандар каражатка муктаж учурда берилген. Бирок биз көрүп тургандай, пландын жарымынан көбүрөөк бөлүгү аткарылды. Албетте, жазында карантин жарыяланган, бирок, кредит берүү көлөмүнүн кыскаруусу банктардын карыз алуучуларга карата талаптарынын жогорулашына байланыштуу деп эсептейм», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: