Menu

Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда велосипедчен 2 кишини сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды

Бөлүшүү:

Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда велосипедчен 2 кишини сүзүп кеткен айдоочу убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнда болжол менен саат 10:00дө Сокулук РИИБне жол кырсыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Жол кырсыгы болгон жерге милициянын кызматкерлери барып, Бишкек – “Манас” аэропорту жолунун 12-чакырымында “Ауди” үлгүсүндөгү автоунааны башкарган 39 жаштагы Т.Ж. велосипедчен 2 кишини сүзүп кеткенин аныкташкан.

Кырсыктын кесепетинен велосипедчен адамдар каза болгон. Кийинчерээк алар КР триатлон федерациясынын мүчөлөрү болгону аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда соттук териштирүүнүн материалдары боюнча бардык экспертизалар дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: