Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндө жайгашкан ооруканага эс-учун жоготуп, оор абалда алынып келинген жаш кызды көпкө чейин кабыл албай коюшкан. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан интернет желесине жарыяланды.
Видеотасмада көрүнгөндөй, эс-учун жоготкон бейтапты эркек киши ооруканага көтөрүп алып келген. Оорукананын эшиктери жабык, бейтап менен чогуу келген аял оорукананын эшигин каккылап, ачкыла дегенине эч ким жооп кайтарган эмес. Ал улам-улам эшикти такылдатып, “эс-учун жоготуп келди, кабыл албайсыңарбы” деп кыйкырып жатты. Бир аздан кийин оорукананын эшигин дарыгерлер ачты. Бейтапты алып келген аял “ачпайсыңарбы, 10 мүнөттөн бери турабыз” дегенине дарыгерлер “кыйкырбаңыз, биз ойноп жаткан жокпуз, бошобой жатабыз” деп жооп берген.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/1367851603413949/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ