“Акыркы 10 күндүн ичинде Бишкекте күн сайын инфекцияга чалдыккандардын саны көбөйүп жатат. Эгер 22-июнда 82 адамга инфекция жуккан болсо, 1-июлга карата 195 учур катталды. Каза болгондордун саны 21 адамды түздү, акыркы бир жумада өлүмдүн кескин көбөйүшү байкалды. Байланышкан адамдардын ичинен 3 миң 706 адам медициналык көзөмөлдө турат” – деп билдирди Азиз Суракматов.
Ал ошондой эле, учурда Ленин жана Октябрь райондору эң эле эпидемиологиялык жагымсыз абалда турганын белгиледи.
Акыркы маалыматтар боюнча, Ленин районунда коронавирустун 725 учуру, Октябрь районунда – 466, Биринчи май районунда – 446, Свердлов районунда – 355 учур катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ