Ишкерлер Бишкектеги мейманканасын коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн оорукана уюштуруу үчүн берүүгө даяр экендигин билдиришти. Бул тууралуу мейманкананын ээси Бурул Кушбек өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Өлкөдөгү абалды карап туруп кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров, уулубуз Руслан Айдаров, болуп кеңешип ушул чечимге келдик. Орун жок деп больницалар албай жатат деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат, эгерде муктаждык болсо биздин отелди да госпиталь сыяктуу пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да жеңилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек жеңебиз!” – деп жазган Бурул Кушбек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ