Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19га чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштери күнүгө жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

COVID-19га чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштери күнүгө жүргүзүлөт. Тиешелүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында берди.

«Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз», – деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар.

«Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири – бул дары-дармектердин баасы. Көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын бааларын кескин көтөрүп жиберишти. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур», – деп баса белгиледи Премьер-министр. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга фармацевтикалык базардагы абалды көзөмөлдөөнү тапшырды.

Жайында башка маселелер дагы көтөрүлдү. Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет.

«Медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете. Азыр алардын саны Бишкек шаарында жетишсиз болууда. Көпчүлүк медицина кызматкерлери башкалардын өмүрүн сактайм деп жатып вирусту жугузуп алышты.   Ошондуктан биз башка аймактардагы дарыгерлерди кыйноо менен алып келе албайбыз, эгерде өз ыктыяры менен көмөктөшөм десе, бизге чоң жардам бергендик болот. Ошол эле учурда дарыгерлерге июнь айына берилүүчү бардык кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин эскертем. Ошондой эле кошумча төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап чыгуу керек», – деп кошумчалады Кубатбек Боронов

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө кыргызстандык жарандарды Соль-Илецк (Россия Федерациясы) шаарынан алып келүү маселеси каралды. Жакынкы күндөрү алар мекенине кайтарылат.

Өкмөт башчы лабораториялар үчүн керектелүүчү материалдарды сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары облустардын жетекчилери өздөрүнө бекитилген аймактарда Бишкек шаарынын мисалында көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: