Menu

КРнын эмгек сиңирген артисти Акелен Кускаков 69 жаш курагында катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 2020-жылдын  1 – июль күнү 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссеру Акелен Кускаков катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

Акелен Кускаков 1951-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган.
1972-жылы Кыргыз мамлекеттик акдемиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга кирип, аны 1974-жылы ийгиликтүү  аяктаган. 1975-жылы  Ташкент шаарындагы  Н.Островский атындагы  көркөм театр институтуна тапшырып,  1979-жылы “Кино жана театр актеру” адистигине  ээ болгон. 1986-жылы Москва шаарындагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтунун курсун аяктап, режиссерлук кесипке да ээ болгон. 1979-жылдан 1991-жылга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында режиссер жана актер болуп эмгектенген.

1991-жылдан бери К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында режиссер-коюучу болуп үзүрлүү эмгектенип келген. 2011-жылдан 2016-жылга чейин М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. 2016-жылдан бери эмгек жолун кайрадан Ысык-Көл театрында улантып келген.

Акелен Кускаков чыгармачылык жолунда театрда режиссер-коюучу катары көптөгөн спектаклдерди сахналаштырган: Ж.Кулманбетовден  “Манас, Манас болгону…”, М.Байжиевдин “Алтынчы күнү кечинде”, А.Чекировден  “Кызыл профессор”, Д.Сариевдин “Кайран эл”, Б.Шалдыровдун “Махабат азгырыгы”, Д.Сариевдин  “Апийим гүлдөгөндө”, Р.Оторбаевдин  “Жарык кайда?”, Ж.Кулмамбетовдун  “Алаамат келген күн”, Д.Баратбаеванын “Каармандар сүйлөйт” ж. б. көптөгөн кыргыздын  белгилүү  драматургдарынын заманбап жана классикалык чыгармаларын театрларда сахналаштырып алгылыктуу ийгиликтерге жетишип, бир нече сыйлыктардын жана фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.

Кыргыз  маданиятынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланып, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы менен сыйланган. 1995-жылы “Манас -1000”  медалы, 2011-жылы Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.  Акелен Кускаковдун койгон ар бир спектакли элибиздин жан-дүйнөсүн аруулукка, тазалыкка үндөп, ата-бабаларыбыздын баалуу асыл мурастарын, каада-салттарын, үрп-адаттарын муундан-муунга өткөрүүгө  жигердүү салым кошуп,  ар дайым көрүүчүлөрдүн алкышына татып келген.

Кыргыз театр искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Акелен Кускаковдүн жаркын элеси биздин  эсибизде түбөлүккө сактала бермекчи. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.Ж.Исмаилова, А. К. Жаманкулов, К.Б.Базарбаев, К. О Иманалиев, Ж.О.Кулмамбетов, С.А.Раев, Б.Жакиев, М.Т.Байжиев, М.С.Шаршенбаев, Ж.Сейдахматова, Н.И.Мамбетова, М.У.Алышпаев, А.А.Абдыкалыков, Г.К.Каниметова,  Э.Бекболиев, З.М.Сооронбаев, М. Шарафитдинов, Т.А.Абдразаева, К.О.Сейдалиева, Д.С.Баратбаева, А.Набиева, К.М.Абылов, Т.С.Сатаров, Ш.Дүйшөнкулов, Д.Б.Нургазиев, К.А. Акматова,  А.А. Өзүбеков, Е.Ю. Кузнецов, Т.К. Сманбеков, О. Б. Айдаров, Ш.А. Шейшенов, Ш. А. Бекташев,  А.А. Абдуразаков,  Б.Ч. Куланбаев,  С.Т.Берикбаев, А. Алыбаев,  Т.Апиев, А.А.Текешов, Ж.Ж. Аманкулов, К.Б.Абдрахманов, А.Д. Исаков, М.М. Бердишев, Т.Жумагазиев ж.б

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: