Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Максим Ситников кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгон.
Акимчиликтен билдиришкендей, Ситников ден-соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен.
Бишкек шаарынын мэриясы Максим Ситниковго ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук жана ийгиликтерди каалайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ