Menu

Фото – Депутат Марлен Маматалиев COVID-19 менен күрөшүү үчүн Элдик штаб түздү

Бөлүшүү:

“Республика-Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев коронавируска каршы күрөшүү боюнча Элдик штаб түздү. Бул тууралуу депутат бүгүн, 2-июлда Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасыда жарыялады.

Ал жарандардын тагдырына кайдыгер карабаган адамдардын бардыгын биригүүгө чакырды. Элдик штаб Саламаттыкты сактоо министрлигинин жанында уюштурулган.

“Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана тез жардам унааларынын жетишсиздигине байланыштуу ыктыярчыларды унаалары (мини-вен, кичиавтобус) менен кошулууга чакырам. Бардык чыгымдарды өз мойнума алам. Азыркы учурда биздин команда 5 унаа бар, бирок алар дагы деле жетишсиз” – деп жазган депутат.

“Бул өтө опурталдуу экендигин мен жакшы түшүнөм. Бирок биз жардам бербесек, өлкөгө ким жана качан жардам берет?” – дейт эл өкүлү.

Депутат ошондой эле, жасалма дем алдыруу аппаратын алуу үчүн буйрутма бергенин айтып, зарыл болсо, өзүнүн офисин бейтаптар үчүн обсервация уюштуруу үчүн берүүгө даяр экенин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: