Аткаруу бийлиги адамдардын өмүрүн сактап калуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ооруканаларда кошумча керебеттерди уюштуруу республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Премьер-министр кырдаал начарлап бара жатканын, бирок өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу үчүн иш алып бара жатканын белгиледи.
“Вирус ар бирибиздин жаныбызга келди. Канчалаган жарандарыбыздын, жакындарыбыздын өмүрүнө күн санап коркунуч туулуп жатат. Илдет арабыздан кээ бир мекендештерибизди алып кетти. Учурдан пайдаланып, Өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мен КР премьер-министр катары гана эмес, офицер катары учурдагы чоң жоопкерчиликти, элдин жүгүн абдан жакшы түшүнүп турам. Ошондуктан, бир мүнөттү да текке кетирбестен, күн-түн дебей элдин кызматында болуп, кырдаалды жөнгө салуу үчүн ыкчам аракеттерди жасап жатабыз” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Премьер-министр бардык социалдык төлөмдөр төлөнүп берилет деп ишендирди жана бул багытта иштер улантылат.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ