Menu

Видео – Депутат Жылдыз Мусабекова төшөктөн тура албай ооруп жатканын билдирип, ыктыярдуу дарыгерлерден жардам сурап кайрылды

Бөлүшүү:

Депутат Жылдыз Мусабекова бир нече күндөн бери ооруп, төшөктөн тура албай жатканын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу маалымдады.

“4-5 күн мурун чалгы менен чапкандай кулап, өз алдын дарыланып туруп кеткен элем. Кайра бүгүн төшөктөн тура албай калдым. Жөтөл, сасык тумоо жок. Болгону башым ооруп, сай-сөөгүм сыздатып, өз алдынча басуу кыйын болуп жатат. Башкалар сыяктуу эле, тез жардам жок, үйгө чакырсаң эч бир дарыгер келбейт. Өзүм басып барганга шай жок. “Элдик ыктыярчылар” тобундагы ким бул нерсени биле турган болсо айтып койсоңуздар жакшы болот эле. Менин кыздарым үйдүн жанындагы жеке клиникага кайрылып, “ийне сайып бере аласыңарбы” десе алар баш тартышты. Азыр медиктер үйгө келгенден да коркуп калышыптыр. Ошон үчүн “Элдик ыктыярчылар” тобундагы медиктерден болсо, жардам болобу” – деп билдирди депутат айым.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: