Акыркы сутка ичинде пневмониядан 23 адам көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Маалыматтарга ылайык, март айынан бери илдеттен 120 адам каза тапкан.
Март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган, бирок COVID-19 тастыкталбаган 1724 жаран республиканын ооруканаларында жатат. Анын ичинде 112 жандандыруу бөлүмдөрүндө, 337 адам оор абалда жатат.
Жалпысынан 2508 адам ооруп, 664 адам оорудан айыккан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ