Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык, коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:

 

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Аалиев Гулжигит Кенжекараевич — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы;

Марипов Асамидин — Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору;

 

«Даңк» медалы менен:

Джумаканова Айгуль Бейшебаевна  —  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун начальниги;

Кабылова Бегим Доолотовна — Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Мадраимова Гулийпа Гапыровна    — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы;

 

Берилсин:

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам:

Бектенова Тамара Тойчуевнага — Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитологиялык лабораториясынын башчысына;

Голощапова Галина Николаевнага — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын УЗИ врачына;

Жаркынбаева Бурулбүбү Айтмамбетовнага  —  Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын № 9 бөлүмүнүн башчысына;

Жоробаев Үсенкул Салиевичке  —  Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо функциясы менен Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын орун басарына;

Касмалиева Калбүбү Кемеловнага  — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Калмамбетова Гульмира Исмаиловнага   — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс лабораториясынын башчысына;

Кыргызбаева Атыркүлгө  — Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарына;

Мамбетов Малик Кусеиновичке  — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;

Масымбаева Элмира Бакасовнага — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиолог-врачына;

Мурсалиев Асадилло Юлдашевичке  — Жалал-Абад облусунун С. Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Насиров Абдымомунга —  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун транспорттогу «Ош» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктунун башчысына;

Рыскулбекова Айнагуль Байсаловнага  —  Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысына;

Рыспекова Гульнара Асанаевнага — Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;

Сагындыкова Чолпон Аксаккоевнага  — Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;

Сыдыкова Фариса Аскеровнага  — Бишкек шаарынын № 14 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк врачына;

Тойтонов Исламбекке  — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын № 2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Турдуматова Акшоола Болотбековнага — Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Абдураимова Жанна Сулаймановна  —  Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;

Акматова Айнура Бектургановна   —  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги;

Ашыралиева Дамира Омурзаковна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкери, вирусологу;

Бакирова Зарина Убайдуллаевна  — Ош облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы;

Бектурганов Улукбек Бектурсунович  — Чүй облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы;

Галбаев Нурлан Басытович  — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;

Жороев Акжол Осмоналиевич  – Баткен облусунун Лейлек райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;

Исабекова Назира Сагынбаевна  — Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Исманалиева Диларахан Айдаровна  —  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Ишенапысова Гулбара Сатыгуловна — Республикалык иммунологиялык профилактикалоо борборунун директору;

Калдыбаева Айнек Сетенбаевна — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын медайымдар иши боюнча орун басары;

Кучук Татьяна Энверовна —  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык жугуштуу ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоо илимий-практикалык борборунун жетекчиси;

Мамажанов Дилшод Бахтиярович  —  Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын инфекциялык контролдоо адиси;

Ражапбаева Атиргүл Шүкүрүллаевна — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун Оштогу чумага каршы бөлүмүнүн бактериологиялык лабораториясынын башчысы;

Сооронбаева Эркингүл Жусуповна — Нарын облусунун Ат-Башы райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологунун жардамчысы;

Тойлубаева Рахат Мискинбаевна —  Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;

Чоробаева Нургүл Тургунбаевна  — Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Жалпы врачтык практикалоо борборунун медайымы;

Шерматова Мастура Умирзаковна — Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн улук медайымы;

Эсенгельдиева Гульбарчын Муратовна — Бишкек шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: