Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 4-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +24… +29,
Таласта түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +23…+28,
Баткенде түнкүсүн: +14… +19, күндүз: +30…+35,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +30…+35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +20…+25,
Нарында түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +20…+25,
Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз: +27…+29.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ