Menu

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейид пневмония менен ооруканага жаткырылды

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейид Атамбаев пневмония менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ал  Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, УКМКнын тергөө изоляторуна барып, бир нече күн өткөндөн кийин анын абалы кескин начарлап, муундары ооруп, дене табы көтөрүлгөн. 3-июлда ал пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылган.

Ал ошондой эле УКМКнын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып, анын тынчын албоону өтүнгөн.

“Сураныч, мен жаткан палатага кайра-кайра кирип, мени сүрөткө тартып алуунун аракетин көрбөңүздөр. Доктурларды коркутуп, алардын көз жашын төкпөңүздөр” – дейт Сеид Атамбаев.

Эске салсак, Атамбаевдин уулу “Кыргызстан социал-демократтары” партиясын түзгөн. Алмазбек Атамбаевдин өзү да пневмония менен ооруп, УКМКнын тергөө изоляторунан атайын ооруканага которулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: