Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШ Президенти Дональд Трампты АКШнын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Дональд Трампты АКШнын улуттук майрамы – Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем.

Өз кезегинде, Кыргызстан АКШ менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишендиргим келет», – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Дональд Трампка бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми АКШ элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: