Чолпон-Ата шаарында күндүзгү медициналык стационардык борборлор даярдалууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн аянчасына үч чатыр тигилүүдө.
“Аталган аймакта күндүзгү стационардык дарылоого ылайыкташтырылган 15 орундук даярдалууда. Стационардык борбордук даярдоо иштерине министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 10 куткаруучу жана бир даана техника тартылды”, – деп айтылат маалыматта.
Мындай иш аракеттер башка райондордо жана шаарларда муктаждыгына жараша ишке ашууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ