Бүгүн, 5-июлда Россиянын Оренбург жана Самара облустарындагы 1496 кыргыз жараны 31 автобуста мекенге кайтып келе жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Алардын айтымы боюнча, жүргүнчүлөрдүн арасында жаш балдары менен 21 аял жана 27 кары-картаң адам бар. Тизмеде Соль-Илецк районундагы лагерде жүргөн жана Самара облусунун “Маштаково” өткөрмө бекетинин жанында топтолгон кыргызстандыктар да бар.
“Кыргызстандын элчилиги Россия тарап менен биргеликте, мекенине жөнөтүлгөн бардык жарандын ПЧР-тесттен акысыз өткөрүү маселесин чечишти. Автобустардын ижарасын COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб тарабынан каржыланат” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ