Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында жаңы пост жазып, Саламаттыкты сактоо министрлигине ага караштуу мечитти обсервация кылууну сунуштап, ал мечиттин сүрөттөрүн жарыялады:
“Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги! Урматтуу штаб мүчөлөрү! Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз.
Пайгамбарыбыздын хадисинде: “Ким жалпы элдин көйгөйүн өзүнүн көйгөйү деп билбесе ал бизден эмес!” деп айтылган.
Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги! Урматтуу штаб мүчөлөрү!
Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз.
Мечитибизде быйыл толук ремонт болгон. Акталып, сырдалган. Ичинде кондиционерлери бар. Дааратканасы сыртта. Жылуу суусу бар. Централдык канализацияга кошулган. Дарыгерлерге ылайыктуу дааваткана кабинети бар. Тамак жасап ичкенге ылайыктуу дагы бир кабинет бар.
Ибрахим (алейхи салям) пайгамбарды отко салган учурда ар ким колунан келген аракетин көрүп куткаргысы келип жатса бир чымчык оозуна суу толтуруп барып отко төгөт. Аны көргөндөр күлүп: “Ай, сенин ошол сууңа ошончо от өчөбү?” – десе, “Аны билбейм бирок мен колуман келген аракетти кылып жатам. Ар ким колунан келгенине жооп берет” – деген сыңарындай биздин дагы колубуздан келгени ушул”, – деди Чубак ажы Жалилов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ