Menu

Жайыл районунун аймагында жугуштуу илдетти алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өлкөбүздө, анын ичинде Чүй облусунда да ички иштер органдары тарабынан түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери жер-жерлерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Чүй облусунун бардык райондорунда алдын алуу иштери күн сайын улантылууда. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жашоочуларга, коомдук жайларда тазалык эрежелерин сактоо жана жеке гигиенеларга көңүл буруу зарыл экендигин эскертишүүдө.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен базарларда, соода сатык түйүндөрдө, коомдук тамактануучу жайларда жана башка техникалык тейлөө жайларында түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын так аткаруу зарылдыгын айтышууда. Коомдук жайларда талаптарга кайдыгер мамиле жасаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен жасаган мамилеси илдетти алдын алууга чоң салым болоору эскертилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: