Бүгүн, 6-июлда болжол менен түнкү саат 03:40 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматы аркылуу Келечек жаңы конушунун үйлөрүнүн бирине бычак менен кирген кыздар үй ээлерин тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралу милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматы билдирет.
Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, ошол үй ээсинин тургуну Б.Т аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 03:30 чамасында белгисиз 18-20 жаштагы кыздар үй ээсинин үйүнүн эшигин сындырып киришип, 2004-жылы туулган Б.В аттуу кызды бычак менен коркутуп, “Редми 6” үлгүсүндөгү баасы 10 000 сом турган уюлдук телефонун жана паспорт андан сырткары косметикалык каражаттарын карактап кетишкен.

Көрүлгөн ыкчам издөө иш-чаранын натыйжасында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.А, 2004-жылы туулган Н.А. жана 2000-жылы туулган К.З аттуу жарандар кармалып, Свердлов районунун ИИБнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Бул факт боюнча Свердлов районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ