Бүгүн, 6-июлда “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин кабарлап, БШКга билдирме берди.
Билдирмеге партиянын төрагасы Адахан Мадумаров кол койду. Бул тууралу партиянын жаштар канатынын лидерлеринин бири Мирбек Мунарбек уулу билдирди.
Партиянын каржы боюнча жана БШКдагы атайын ыйгарымдуу өкүлү болуп Мирлан Полотов , юридикалык жактан Мыктарбек Алымкулов дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ